Кыргызстан менен Корея жогорку технологиялар жаатында кызматташат

Экономика 975 23 Апрель 2026 15:55
WhatsApp Image 2026-04-23 at 14.43.12 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-04-23 at 14.43.12.jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2026-04-23 at 14.43.12 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-04-23 at 14.43.12.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Инвестициялар боюнча улуттук агенттик

Бишкек, 23.04.26. /Кабар/. Президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров менен Түштүк Кореянын LNC Elecom Co. Ltd компаниясынын башкы директору Ли Су-Янг ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлду.

Агенттиктен билдиришкендей, LNC Elecom Co. Ltd компаниясы жогорку технологиялык чечимдер жаатында иш алып барат. Анын ичинде кайра жаралуучу энергетика, электромобилдүүлүк, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар жана коопсуздук системалары бар.

Атап айтканда, компания күн энергиясын өндүрүү жана энергияны сактоо системаларын долбоорлоо, электромобилдер үчүн кубаттоо инфраструктурасын киргизүү жана тейлөө, программалык камсыздоону иштеп чыгуу, ошондой эле видеобайкоо, имараттарды башкаруу жана мониторинг системаларын киргизүү менен алектенет.

Меморандумга кол коюу жогоруда көрсөтүлгөн багыттар боюнча кызматташууну өнүктүрүүгө, ошондой эле инфраструктура жана туруктуу өнүгүү тармагында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу үчүн шарттарды түзүүгө багытталган.