Кыргызстан менен Корея "жашыл" экономика жана жаңы технологиялар жаатында кызматташат — Кабар

Кыргызстан менен Корея "жашыл" экономика жана жаңы технологиялар жаатында кызматташат

Экономика 12 март 2026 16:32
IMG_6400 1.png
IMG_6385 1.png
IMG_6382 1.png
IMG_6369 1.png
IMG_6364 1.png
Алдыга
Артка
IMG_6400 1.png
IMG_6385 1.png
IMG_6382 1.png
IMG_6369 1.png
IMG_6364 1.png
Алдыга
Артка
copyright icon Экономика министрлиги

Бишкек, 12.03.26. /Кабар/. Бүгүн экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков Кореянын Кыргызстандагы элчиси Ким Квангджэ менен жолукту. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу соода-экономикалык мамилелердин учурдагы абалын жана аны өнүктүрүүнүн келечектүү багыттарын талкуулашты.

Министр Бакыт Сыдыков Кореяны ишенимдүү өнөктөш катары белгилеп, экономиканын бардык тармактарына жаңы технологияларды киргизүү боюнча корей тажрыйбасы Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө чоң түрткү берерин айтты.

Элчи Ким Квангджэ Кыргызстандын министрлер кабинетинин инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу жана "жашыл" экономикага өтүү багытындагы аракеттерине жогору баа берди.

Тараптар соода жүгүртүүнү диверсификациялоо, кызматташтыктын учурдагы механизмдерин илгерилетүү жана экономикалык байланыштарды чыңдоо боюнча жаңы демилгелерди карашты.

Жыйынтыгында эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык өнөктөштүктү жаңы деңгээлге көтөрүү жана өз ара пайдалуу долбоорлорду колдоо боюнча макулдашылды.