Кыргызстанда 3 токой питомниги түзүлүп, 300 гектарга көчөт отургузулат

Коом 20 ноябрь 2025 11:19
orig.jpg
583287431_1247921467380577_7018937773047060771_n.jpg
581954174_1247921650713892_4402425409745569768_n.jpg
583831992_1247921537380570_2582440644826488611_n.jpg
583926573_1247921750713882_7212096800824975358_n.jpg
584800230_1247921640713893_7753112886739467861_n.jpg
585060021_1247921790713878_8147402234004142381_n.jpg
585638232_1247921854047205_6896484353759944350_n.jpg
586180132_1247921814047209_1755405515356694574_n.jpg
586546623_1247921460713911_4391392959384608710_n.jpg
587214775_1247921744047216_4810800802192030808_n.jpg
Алдыга
Артка

Бишкек, 20.11.25. /Кабар/. Кыргызстанда "Улуттук питомниктер системасы боюнча потенциалды жогорулатуу жана жергиликтүү шарттарды эске алуу менен пилоттук токой калыбына келтирүү" аттуу долбоор ишке кирди.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, аталган долбоорду Токой кызматы Корея токой кызматы менен биргеликте баштаган.

Иш-чарада тараптар Кыргызстанда заманбап көчөтканалар менен теплицаларды куруу, жазы жана ийне жалбырактуу көчөттөрдү аймактардын климаттык өзгөчөлүктөрүнө жараша отургузуу, ошондой эле токой адистерин Кореяга окутууга жөнөтүү маселелери каралды.

Мындан тышкары, өлкө ичинде тренингдер менен семинарларды өткөрүү да пландаштырылууда.

Бул ири демилге токойлорду калыбына келтирүү тармагындагы улуттук потенциалды чыңдоого багытталган. Долбоордун алкагында үч токой питомниги түзүлүп, Мамлекеттик токой фондунун 300 гектар аймагына көчөт отургузуу белгиленди.

Тараптар бул кызматташтык Кыргызстандын токой чарбасын туруктуу өнүктүрүүгө жана экологиялык коопсуздукту чыңдоого маанилүү салым кошоруна ишеним билдиришти.