Кыргызстан менен Конго саясий диалогду чыңдоого кызыкдар

Саясат Загрузка... 25 Февраль 2026 09:10
2.jpeg
copyright icon ТИМ

Бишкек, 25.02.26. /Кабар/. Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Женевада Конгонун тышкы иштер жана эл аралык кызматташтык министри Тереза Вагнер менен жолукту.

Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушуу 24-февралда өткөн БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешинин жана Куралсыздануу боюнча конференциянын жогорку деңгээлдеги сегменттеринин алкагында өттү.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрүн карап чыгып, саясий диалогду чыңдоого, ошондой эле экономикалык, соода жана гуманитардык байланыштарды кеңейтүүгө өз ара кызыкдар экендиктерин белгилешти.

Министр Кулубаев кесиптешин Кыргызстанга сапар менен келип кетүүгө чакырды, ошондой эле Конго Демократиялык Республикасын 2027-жылы өтө турган II Глобалдык тоо саммитине катышууга жана 2026-жылы өтө турган кезектеги Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына спорттук делегация жөнөтүүгө чакырды.

Жыйынтыгында тараптар Кыргызстан менен Конгонун ортосундагы өз ара пайдалуу мамилелерди мындан ары актуалдаштыруу жана чыңдоо багытында биргелешип иш алып барууга ниеттенишкенин ырасташты.