Бишкек, 08.06.26. /Кабар/. Бүгүн, 8-июнда Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков Кыргызстанга расмий иш сапары менен келген Кипрдин тышкы иштер министри Константинос Комбос менен жолугушту. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.
Маалыматка ылайык, анда тараптар кыргыз-кипр алакасынын соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыгын кеңейтүү маселелерин талкуулашты.
Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргызстан менен Кипрдин ортосунда киреше салыктарына карата кош салык салууну четтетүү жана салыктарды төлөөдөн качуунун алдын алуу жөнүндө макулдашууга кол коюлду.
Документ эки өлкөдөгү чарба жүргүзүүчү субъекттердин кирешелерине кош салык салууну жоюу максатын көздөйт.
Белгилей кетсек, кош салык салууну четтетүү боюнча макулдашуулар өлкө экономикасына түз чет өлкөлүк инвестицияларды тартуунун натыйжалуу инструменттеринин бири катары каралат.