Бишкек, 25.09.26. /Кабар/. БУУнун Башкы ассамблеясынын 81-сессиясынын алкагында тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Кипрдин тышкы иштер министри Константинос Комбос жолугушту.
Министрликтен билдиришкендей, анда тараптар кыргыз-кипр мамилелерин өнүктүрүүнүн, ошондой эле саясий диалогду улантуунун жана аны үзгүлтүксүз жана мазмундуу кылуунун маанилүүлүгүн белгилешти. Кыргыз тарап эки өлкөнүн тышкы саясат чөйрөлөрүнүн ортосунда саясий консультациялардын биринчи айлампасын өткөрүүнү сунуштады, ошондой эле эки тараптуу келишимдик-укуктук базаны мындан ары кеңейтүүгө кызыкдар экендигин баса белгиледи.
Ошондой эле соода-экономикалык өз ара аракеттенүүнү активдештирүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Тараптар инвестиция, туризм, айыл чарба, транспорт жана логистика, энергетика жана маалыматтык технологиялар тармактарында кызматташууну өнүктүрүүнү талкуулашты.
Мындан тышкары, жолугушууда Кыргызстандын Европа биримдиги менен өз ара аракеттенүүсү жана Кеңейтилген өнөктөштүк жана кызматташтык жөнүндөгү макулдашууну ратификациялоо маселелери талкууланды.
Жолугушуунун жыйынтыгында тышкы иштер министри Кипр тарабын 2027-жылы боло турган экинчи глобалдык тоо саммитине "Бишкек +25" катышууга чакырды.