Кыргызстан менен Казакстан жүк ташууда пилоттук долбоорду ишке киргизет

Коом Загрузка... 28 Ноябрь 2025 15:33
590709275_25195491733446389_6815977446305826330_n.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 28.11.25. /Кабар/. Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы автомобилдик ташууларда навигациялык пломбаларды колдонуу боюнча пилоттук долбоор ишке киргизилүүдө.

Мамлекеттик салык кызматынан билдиришкендей, долбоор 2025-жылдын 1-декабрынан 2026-жылдын 15-январына чейин өтүп, анын алкагында навигациялык пломбалар бардык товардын түрлөрүн автотранспорт менен ташууда ыктыярдуу жана акысыз негизде колдонулат.

Пломбалар төмөнкү багыттарда коюлат:

  • Кыргызстандан Казакстанга жана Россияга жөнөтүлгөн жүктөрдө;
  • Казакстан жана Россиядан Кыргызстанга "Ак-Тилек-автожол" (Кыргызстан) жана "Карасу" (Казакстан) өткөрүү пункттары аркылуу келген жүктөрдө.

Навигациялык пломбаларды коюу пункттары:

  • "Ак-Тилек-автожол" (Кыргызстан);
  • Казакстан – Россия чек арасындагы өткөрмө пункттар (жүрүш багыты боюнча);
  • "Карасу" (Казакстан).

Навигациялык пломбаларды алуу пункттары:

  • Бишкек шаарындагы жеткирүү даректери (Кыргызстанга импорттоодо);
  • Казакстан – Россия чек арасындагы өткөрмө пункттар (транзит учурунда);
  • Алматы шаарындагы жеткирүү даректери (Казакстанга импорттоодо).

Пилоттук долбоорго катышуу үчүн Бишкек шаарындагы салык каттоосу боюнча тиешелүү аймактык салык органдарына, ошондой эле Бишкек жана түндүк региондун ири салык төлөөчүлөрүн көзөмөлдөө боюнча Салык кызматынын башкармалыгына кайрылуу керек.

Белгилей кетсек, долбоор 2025-жылдын 22-августунда Кыргызстан Салык кызматы менен Казакстандын Финансы министрлигинин Мамлекеттик кирешелер комитетинин ортосунда түзүлгөн меморандумдун алкагында ишке ашырылууда.

Пилоттук долбоор навигациялык пломбаларды колдонуу механизмдерин иштеп чыгууга, товардын айлануусунун ачыктыгын жогорулатууга, көзөмөл жол-жоболорун тездетүүгө жана ЕАЭБдин алкагында жүктөрдү көзөмөлдөө системасын милдеттүү түрдө киргизүүгө базардын катышуучуларын даярдоого мүмкүндүк берет.