Кыргызстан менен Казакстан соода жүгүртүүнү 3 млрд долларга жеткирүүгө ниеттенүүдө

Экономика 25 Февраль 2025 10:00
67bc8c9b8f897-thumb_NXSZJjB.max-1920x1080.format-webp.webp
67bc8c845897e-thumb_gjOuGBD.max-1920x1080.format-webp.webp
Алдыга
Артка
67bc8c9b8f897-thumb_NXSZJjB.max-1920x1080.format-webp.webp
67bc8c845897e-thumb_gjOuGBD.max-1920x1080.format-webp.webp
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы

Бишкек, 25.02.25. /Кабар/. Казакстан Кыргызстандын негизги соода өнөктөштөрүнүн бири, акыркы жылдары өлкөлөрдүн ортосундагы соода жүгүртүүнүн өсүшүнүн оң динамикасы байкалууда. Бул тууралуу Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов менен жолугушуу учурунда билдирди.

“Маселен, 2024-жылы өз ара соода жүгүртүүнүн көлөмү 1 млрд 340 млн доллар болгон. Эки өлкөнүн өкмөттөрү, биздин мамлекет башчыларынын 2030-жылга чейин эки тараптуу сооданы 3 млрд долларга жеткирүү максатын эске алып ишке ашыруубуз керек”, - деп кошумчалады минкаб башчысы.