Кыргызстан менен Казакстан парламент жетекчилери кызматташтыкты талкуулады

Саясат Загрузка... 11 Июнь 2026 17:50
6915d40aacbe2-.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 11.06.26. /Кабар/. Бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Казакстанга расмий сапарынын алкагында аталган өлкөнүн парламентинин Мажилисинин төрагасы Ерлан Кошанов менен жолугушту.

Жогорку кеңештен билдиришкендей, жолугушууда боордош мамлекеттер ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларды арттыруу, анын ичинен парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланды.

Марлен Маматалиев канатташ жашаган кыргыз менен казактын эзелтен берки калыптанган алакасын мындан ары да жигердүү улантуу учур талабы экенин белгилеп: "Мамлекет башчыларыбыз да боордош калктын өнөктөштүгүн өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурууда. Эми парламенттер дагы өз ыйгарым укуктарыбыздын чегинде байланыштарды бекемдөөгө салым кошуп, тыгыз иш алып баруубуз кажет. Андыктан бүгүнкү расмий сапарыбыз жемиштүү болуп, маанилүү сүйлөшүүлөр менен коштолот деген ишеничтемин", - деди.

Ошону менен катар Кыргызстанда жасалып жаткан реформаларга да учкай токтолуп, экономикалык багыттагы жетишкендиктер боюнча да сөз кылды.

"Бизди боордош казак элиндеги жаңылануулар дагы дайыма кубандырат. Айрыкча жаңы Казакстанды курууга багытталган масштабдуу жана системалуу реформаларды өзгөчө кубаттайбыз", - деди төрага.

Андан тышкары, парламенттер аралык биргелешкен иш-чаралар, эл аралык аянтчалардагы алакалар тууралуу да учкай кеп кылган Марлен Маматалиев быйыл Кыргызстанда Парламенттер аралык кеңештин IV жыйыны өтөрүн маалымдады.

Муну менен бирге соода-экономикалык кызматташтыктын учурдагы абалына да токтолгон Төрага өткөн жылы эки өлкө ортосундагы товар жүгүртүүнүн көлөмү 26,8%га өсүп, 2 млрд долларга жакындап калганын мисал кылды.

"Калыптанган байланыштарды улантып, экономикалык кызматташтыкты арттырышыбыз керек. Бизде мүмкүнчүлүктөр өтө чоң. Негизги тоскоолдуктарды чечип, биргелешип иш алып барганда гана боордош эки элдин өнүгүүсүнө өбөлгө түзө алабыз", – деди Марлен Маматалиев.

Өз кезегинде Ерлан Кошанов төрага Марлен Маматалиевдин Казакстандагы алгачкы расмий сапарына ийгиликтерди каалап, бул сапар парламенттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө чоң түрткү берерин кошумчалады. 

Ошондой эле президент Садыр Жапаров тарабынан Кыргызстанда жүргүзүлүп жаткан реформаларга жогорку баасын берген Мажилистин төрагасы: "Биз кыргыз мамлекетинин бардык багыттарда алдыга жылып, эл аралык деңгээлде да ийгиликтерге жетишип жатканына кубанычтабыз. Боордош өлкө менен алакаларды арттырып, тыгыз кызматташууга өзгөчө кызыкдарбыз", - деди.

Андан сырткары өнөктөштүктү өрчүтүүгө багытталган сунуштары менен бөлүшүп, суу, энергетика, айыл чарба тармактарындагы алакалардын учурдагы абалына токтолду. Ошону менен бирге Алматыдан Ысык-Көлгө жөө барууга мүмкүнчүлүк түзгөн туристтик каттамды өнүктүрүү жаатындагы ойлорун ортого салды. 

Жолугушууда тараптар чек арадагы өткөрмө жайларынын ишин жакшыртуу, аларды заманбап шартта жаңылоо жана коопсуз транспорттук каттамдарды камсыз кылуу багытында да пикир алмашып, маданий-гуманитардык тармактардагы мамилелерге да токтолушту. Анын ичинен Марлен Маматалиев казак кесиптештерин жана боордош элди VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына чакыра кетти.