Кыргызстан менен Казакстан адал продукцияларын көзөмөлдөөдө кызматташат

Коом 291 19 Июнь 2026 13:25
726270325_27159733007019161_6414596241394011701_n.jpg
722769538_1021601400548906_508053825676741957_n.jpg
725860209_3501399403351492_7958522473234362558_n.jpg
Алдыга
Артка
726270325_27159733007019161_6414596241394011701_n.jpg
722769538_1021601400548906_508053825676741957_n.jpg
725860209_3501399403351492_7958522473234362558_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы

Бишкек, 19.06.26. /Кабар/. Бүгүн Кыргызстан жана Казакстан мусулмандарынын дин башкармалыктарынын ортосунда адал индустриясы жаатындагы өз ара кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган меморандумга кол коюлду.

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан билдиришкендей, меморандумдун алкагында тараптар адал стандарттарын өнүктүрүү, тажрыйба жана маалымат алмашуу, адистердин кесиптик билимин жана квалификациясын жогорулатуу маселелерин макулдашты. Муну менен катар адал сертификаттарын өз ара таануу багыттарында биргелешкен иштерди жүргүзүү пландалууда.

Ошондой эле документте адал продукцияларын өндүрүү, сертификациялоо жана көзөмөлдөө жаатындагы алдыңкы тажрыйбаларды бөлүшүү, эки өлкөнүн тиешелүү адистеринин ортосунда туруктуу кесиптик байланыштарды түзүү жана биргелешкен иш-чараларды уюштуруу маселелерине өзгөчө көңүл бурулган.