Бишкек, 19.02.26. /Кабар/. Бүгүн Консулдук департаменттин директору Сейтек Жумакадыр уулу Италиянын Кыргызстандагы элчилигинин консулдук бөлүмүнүн жетекчиси Степан Кула менен жолукту.
Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар консулдук чөйрөдөгү эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу багыттарын, анын ичинде визалык маселелерди жана эки мамлекеттин жарандарын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоону камсыз кылуу маселелерин талкуулады.
Ошондой эле аталган тармакта өз ара аракеттенүүнү мындан ары бекемдөө боюнча пландар белгиленди.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өз ара аракеттенүүнү кеңейтүүгө жана Кыргызстан менен Италия жарандарынын кызыкчылыктарында кызматташууну мындан ары өнүктүрүүгө даяр экендиктерин ырасташты.