Кыргызстан менен Иран ШКУ алкагындагы кызматташтыкты бекемдейт — Кабар

Кыргызстан менен Иран ШКУ алкагындагы кызматташтыкты бекемдейт

Саясат 23 апрель 2026 09:50
677937887_1534922401975722_4977919083993568857_n.jpg
679145646_1534922181975744_1689044779342877572_n (1).jpg
678323975_1534922148642414_6497570765841394512_n.jpg
Алдыга
Артка
677937887_1534922401975722_4977919083993568857_n.jpg
679145646_1534922181975744_1689044779342877572_n (1).jpg
678323975_1534922148642414_6497570765841394512_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин администрациясы

Бишкек, 23.04.26. /Кабар/. Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Адилет Орозбеков Ирандын Кыргызстандагы элчиси Голамхоссейн Ядегари менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Жакынкы Чыгышта болуп жаткан окуялар жана алардын Борбор Азия чөлкөмүнө тийгизген таасири, ошондой эле эки тараптуу күн тартибиндеги актуалдуу маселелер жана ШКУнун алкагында аймактык коопсуздукту камсыздоо боюнча кызматташуу тууралуу пикир алмашуу болду.

Адилет Орозбеков жана Голамхоссейн Ядегари муну менен бирге Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин Коопсуздук кеңештеринин катчыларынын алдыдагы 21-жолугушуусуна карата даярдыктарды талкуулашты.