Кыргызстан менен Грузия жогорку деңгээлдеги сапарларды уюштурууну көздөйт

Саясат Загрузка... 25 Февраль 2026 09:34
2196d123-7554-3f7e-8a31-d81706a24c0e.jpeg
copyright icon ТИМ

Бишкек, 25.02.26. /Кабар/. Күн мурун тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев грузиялык кесиптеши Мака Бочоришвили менен жолукту.

Ведомстводон билдиришкендей, тараптардын жолугушуусу БУУнун Адам укуктары боюнча Кеңешинин 61-сессиясынын Жогорку деңгээлдеги сегментинин алкагында өттү.

Кулубаев грузин кесиптешин Кыргызстанга келип кетүүгө чакырып, Кыргызстандын ири эл аралык демилгелери, анын ичинде XI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары жана II Глобалдык тоо саммити тууралуу маалымдады. Грузия делегациясынын башчысы бул иш-чараларга кызыгуу жаратып, чакыруулар кылдат караларын билдирди.

Тараптар кыргыз-грузин салттуу достук мамилелерин мындан ары чыңдоого берилгендиктерин ырасташып, саясий диалогду туруктуу жүргүзүүнүн, ошондой эле жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги өз ара сапарларды уюштуруунун маанилүүлүгүн белгилешти.

Соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүүнүн келечеги жана Кыргызстан менен Грузия өкмөттөр аралык комиссиясынын иши, ошондой эле БУУ сыяктуу көп тараптуу структураларда өз ара аракеттешүү маселелери талкууланды.

Жолугушуунун жыйынтыгында бардык багыттар боюнча эки тараптуу өнөктөштүктү мындан ары тереңдетүүгө өз ара кызыкдарлык тастыкталды.