Бишкек, 11.02.26. /Кабар/. Бүгүн Берлин шаарында Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Германия Федеративдүү Республикасынын Федералдык тышкы иштер министри доктор Йоханн Вадефул менен жолугушту. Бул тууралуу ТИМден билдиришти.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар сый-урматка, тең укуктуулукка жана өз ара пайдалуулукка негизделген кызматташтыкты тереңдетүүгө даяр экендиктерин тастыкташты. Сүйлөшүүлөрдө саясий, соода-экономикалык, инвестициялык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдөгү маселелердин кеңири чөйрөсү каралды.
Министр Жээнбек Кулубаев парламенттер аралык байланышты өнүктүрүүгө токтолуп, Жогорку Кеңешке өткөн шайлоонун жыйынтыктары тууралуу маалымат берди. Ал шайлоо процесси эл аралык стандарттарга ылайык, ачык-айкын жана коомдук ишенимдин алкагында өткөнүн өзгөчө белгиледи.
Кыргызстандын акыркы жылдардагы ийгиликтүү социалдык-экономикалык өнүгүүсүн белгилеген министр, германиялык компанияларды төмөнкү тармактарда кызматташууга чакырды:
- Гидроэнергетика;
- Айыл чарба;
- Транспорт жана логистика;
- Туристтик инфраструктура.
Мындан тышкары, "жашыл" экономика, электрондук соода, жаңы технологиялар жана билим берүү багыттарында өз ара кызыкчылыктар бар экени айтылды.

Министрлер эл аралык күн тартибиндеги маселелер боюнча, анын ичинде БУУ, ЕККУ жана Европа Биримдигинин алкагында пикир алмашышты.
ЕБдин санкциялык маселелерине токтолгон Жээнбек Кулубаев европалык өнөктөштөрдү конструктивдүү жана тең салмактуу мамиле жасоого чакырды. Ал чектөө чараларынын Борбор Азия өлкөлөрүнүн туруктуу өнүгүүсүнө терс таасирин тийгизиши мүмкүн экенин белгилеп, Кыргызстан өзүнүн эл аралык милдеттенмелерин так сактай турганын жана ачык диалогго даяр экенин билдирди.