Бишкек, 10.02.26. /Кабар/. "Кыргызстан аэропорттору" ААК башкармалыгынын жетекчиси Манасбек Самидинов Франциянын Кыргызстандагы элчиси Николя Фай менен жумушчу жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу Самидинов социалдык тармактагы баракчасына жазды.
Анын маалыматына караганда, сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Франция менен Кыргызстандын ортосунда француз авиакомпаниялары тарабынан түз авиакаттамдарды ачуу мүмкүнчүлүгү каралды.
"Талкуу жарандык авиация жана туризм тармагындагы эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүүнүн келечегине багытталды", - деди ал.
Ошондой эле "Кыргызстан аэропорттору" ААК эл аралык маршруттук тармакты кеңейтүүгө кызыкдар жана бул багытты өнөктөштөр менен биргеликте практикалык жактан иштеп чыгууга даяр экендигин белгилеген.