Бишкек, 18.02.26. /Кабар/. Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Европа парламентинин делегациясы менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.
Маалыматка ылайык, анда тараптар эки тараптуу кызматташтык, парламенттер аралык диалог жана регионалдык күн тартибинин маселелерин талкуулашты.
Министр европалык кесиптештерине өлкөдө жүргүзүлүп жаткан саясий жана экономикалык реформалар тууралуу маалымат берип, алардын республиканы туруктуу өнүктүрүүдөгү маанисин баса белгиледи.
Бул контекстте ал “Камбар-Ата-1” ГЭСинин курулушу жана “Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан” темир жол долбоору сыяктуу ири инвестициялык демилгелер менен тааныштырды. Ошондой эле Ж.Кулубаев алдыңкы европалык технологияларды тартууга кызыкдар экенин билдирип, транспорттук өз ара байланыштуулуктун жана энергетикалык коопсуздуктун бүткүл регион үчүн стратегиялык маанисин белгиледи.
Регионалдык өз ара аракеттенүү маселелерине токтолуп, министр Борбордук Азиядагы учурдагы туруктуулук аймактагы мамлекеттердин коңшулук мамилелерди чыңдоо, өз ара ишенимди арттыруу жана конструктивдүү диалогду өнүктүрүү боюнча биргелешкен аракеттеринин натыйжасында мүмкүн болгонун белгиледи.
Жолугушуунун жыйынтыктоочу бөлүгү ачык талкуу форматында өтүп, анын жүрүшүндө министр европарламентарийлердин эң сезимтал жана актуалдуу темалар боюнча суроолоруна кеңири жооп берди. Тактап айтканда, Ж.Кулубаев экинчи даражадагы санкциялар боюнча Кыргызстандын позициясын так белгилеп, мамлекет тарабынан көрүлүп жаткан чаралар жана эл аралык милдеттенмелерге болгон туруктуу берилгендиги тууралуу кеңири түшүндүрмө берди.
Мындан тышкары, евродепутаттарга регионалдык күн тартибинин актуалдуу аспектилери, анын ичинде Борбордук Азиядагы негизги чакырыктар жана демилгелер боюнча ар тараптуу комментарийлер берилди.