Кыргызстан менен Европарламенттин ар тараптуу кызматташтыгы чыңдалат — Кабар

Кыргызстан менен Европарламенттин ар тараптуу кызматташтыгы чыңдалат

Саясат 15 май 2026 09:15
699431354_1400809355415904_7657232359821029684_n.jpg
700368809_1400809338749239_525078740010215344_n.jpg
700272502_1400809528749220_980080611547832620_n.jpg
700369192_1400809548749218_8203086486326325520_n.jpg
700827805_1400809575415882_7605992639053387568_n.jpg
Алдыга
Артка
699431354_1400809355415904_7657232359821029684_n.jpg
700368809_1400809338749239_525078740010215344_n.jpg
700272502_1400809528749220_980080611547832620_n.jpg
700369192_1400809548749218_8203086486326325520_n.jpg
700827805_1400809575415882_7605992639053387568_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon ТИМ

Бишкек, 15.05.26. /Кабар/. Күн мурун тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев жана юстиция министри Аяз Баетов Европа парламентинин делегациясы менен биргелешкен жолугушуу өткөрдү.

Ведомстводон маалымдашкандай, делегацияны Европа парламентинин депутаты, Европа парламентинин Кыргызстан боюнча туруктуу баяндамачысы Начо Санчес Амор жетектеп келди.

Ошондой эле делегациянын курамында Борбор Азия өлкөлөрү менен байланыштар боюнча топтун мүчөсү, депутат Кристиан Вигенин да бар.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө министрлер Европа биримдиги менен тең укуктуу жана өз ара пайдалуу кызматташууну өнүктүрүү Кыргызстандын тышкы саясатынын артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин белгилешти. Ошондой эле соода-экономикалык, инвестициялык жана транспорттук байланыштарды кеңейтүүнүн маанилүүлүгү белгиленди.

Өз кезегинде Начо Санчес Амор кыргыз тараптын кызматташуунун актуалдуу маселелери боюнча ачык диалог жүргүзүүгө даярдыгын оң баалап, европалык тарап Кыргызстандын укуктук тутумуна урматтоо менен мамиле кыларын белгиледи. Ошондой эле ал стратегиялык мааниге ээ минералдар, транспорт, мыйзам үстөмдүгү, билим берүү жана туризм тармактарындагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Жолугушуунун соңунда тараптар Кыргызстан менен Европа парламентинин ортосундагы ар тараптуу кызматташтыкты мындан ары чыңдоо максатында үзгүлтүксүз саясий байланыштарды колдоп турууну макулдашышты.