Кыргызстан менен Евробиримдиктин кызматташтыгынын жаңы мүмкүнчүлүктөрү талкууланды

Саясат Загрузка... 24 Июнь 2026 19:30
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Тышкы иштер министрлиги

Бишкек, 24.06.26. /Кабар/. Бүгүн тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакиров Европа биримдигинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Реми Дюфло менен жолугушту.

ТИМден билдиришкендей, жолугушууда тараптар Кыргызстан менен Европа биримдигинин ортосундагы кызматташтыктын оң динамикасын белгилешип, муну эки тараптуу саясий байланыштардын активдүү өнүгүшү ырастап жатканын билдиришти.

Кыргыз балын Европа комиссиясынын тиешелүү реестрлерине киргизүү жана кыргызстандык авиакомпанияларды Европа биримдигинин учуу коопсуздугу боюнча тизмесинен чыгаруу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Өз кезегинде министрдин орун басары бул эки тараптуу кызматташтыктын жетишкендиктери ата мекендик өндүрүүчүлөр үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып, өлкөнүн экспорттук потенциалын жогорулатууга, туристтик жана ишкердик байланыштарды кеңейтүүгө, ошондой эле инвестицияларды тартууга өбөлгө түзөрүн белгиледи.

Жолугушуунун соңунда тараптар өз ара ишеним жана урматтоо принциптерине негизделген конструктивдүү диалогду чыңдоого жана өнөктөштүктү мындан ары өнүктүрүүгө даяр экендиктерин ырасташты.