Бишкек, 25.06.26. /Кабар/. Бүгүн тышкы иштер министринин биринчи орун басары Асеин Исаев ЕККУнун учурдагы төрагасынын диалогго көмөктөшүү жана ишеним чараларын бекемдөө боюнча атайын өкүлү Серж Руминди кабыл алды.
Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз тарап маектешине Борбор Азиядагы аймактык кызматташтыктын сапаттык жаңы этабы тууралуу кеңири маалымат берди.
Аймак лидерлеринин саясий эрки менен акыркы жылдары чек ара маселелерин жөнгө салуу боюнча тарыхый келишимдерге жетишилгени, бул кадам коңшулук мамилелерди жана интеграцияны бекемдөөгө негиз болгону белгиленди.
Тараптар ошондой эле Кыргызстандын ЕККУдагы Швейцария төрагалыгы менен өз ара аракеттенүүсүн талкуулашты.
Кыргыз тарап Швейцариянын Борбор Азияга көңүл буруусун жогору баалап, ЕККУ багытында кызматташтыкты мындан ары чыңдоого, анын ичинде быйыл 3-4-декабрда Лугано шаарында өтө турган ЕККУнун Тышкы иштер министрлер кеңешинин жыйынынын алкагында биргелешкен иш-чараларды өткөрүүгө кызыкдар экенин билдирди.
Жолугушуунун соңунда тараптар Кыргызстан менен ЕККУдагы Швейцария төрагалыгынын ортосунда конструктивдүү диалогду улантууга жана өнөктөштүктү өнүктүрүүгө өз ара даярдыгын ырасташты.