Кыргызстан менен ДССУ биргелешкен демилгелерди ишке ашырууга даяр

Коом Загрузка... 04 Февраль 2026 09:00
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Саламаттык сактоо министрлиги

Бишкек, 04.02.26. /Кабар/. Күн мурун саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетов Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) Кыргызстандагы өкүлү Ливиу Ведраско менен жолукту.

Ведомстводон кабарлашкандай, жолугушуунун жүрүшүндө Досмамбетов акыркы 30 жылдан ашуун убакыттан бери ДССУ өлкөнүн саламаттык сактоо системасын чыңдоого олуттуу салым кошуп келе жаткандыгы белгиленди.

Тараптар кызматташуунун негизги багыттарын, анын ичинде баштапкы медициналык-санитардык жардамды өнүктүрүү, кадрдык потенциалды чыңдоо, саламаттык сактоо тармагын санариптештирүү, өзгөчө кырдаалдарга даярдык, ошондой эле антимикробдук туруктуулук жана психикалык саламаттык маселелерин талкуулашты. ДССУнун сунуштары жана техникалык экспертизасы саламаттык сактоо тармагындагы улуттук программаларды жана ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгууда кеңири колдонулуп жатканы белгиленди.

Саламаттык сактоо министри 2024-2030-жылдарга карата ДССУнун Кыргызстан менен кызматташуу стратегиясынын биргелешкен иш-чараларды пландаштырууда негизги документ экенин белгилеп, ошол эле учурда саламаттык сактоо системасынын учурдагы артыкчылыктарына жана милдеттерине жараша аны ийкемдүү адаптациялоонун маанилүүлүгүнө токтолду.

Мындан тышкары, саламаттык сактоо тармагындагы эл аралык жана улуттук иш-чараларга өзгөчө көңүл бурулду. Бул багытта ДССУнун өнөктөштөрдүн аракеттерин шайкеш келтирүүдөгү, эл аралык тажрыйбаны жана мыкты практикаларды илгерилетүүдөгү ролу белгиленди.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар практикалык өз ара аракеттенүүнү тереңдетүүгө, үзгүлтүксүз диалог жүргүзүүгө жана Кыргызстандын саламаттык сактоо системасынын натыйжалуулугун жогорулатууга, калктын ден соолугун жакшыртууга багытталган биргелешкен демилгелерди ишке ашырууга даяр экендиктерин тастыкташты.