Бишкек, 12.02.26. /Кабар/. Президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Хью Ридделл менен жолукту. Бул тууралуу ведомстводон маалымдашты.
Жолугушууда инвестициялык чөйрөдөгү заманбап, туруктуу жана натыйжалуу ченемдик-укуктук базаны калыптандырууга багытталган кызматташуунун артыкчылыктары талкууланды.
Тараптар инвесторлордун укуктарын коргоо, инвестициялык климатты жакшыртуу жана мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүү жол-жоболорун оптималдаштыруу маселелерин карашты. Ошондой эле инвестицияларды колдоо инструменттерин өнүктүрүү жана алдыңкы эл аралык тажрыйбаларды киргизүү талкууланды.
Экономиканын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу, административдик тоскоолдуктарды азайтуу жана укуктук актыларды эл аралык стандарттарга ылайык келтирүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.
Равшанбек Сабиров инвестициялык мыйзамдарды реформалоо процессинде Дүйнөлүк банктын өкүлдөрүнүн эксперттик жана консультациялык колдоосунун маанилүүлүгүн белгиледи.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар инвестициялык чөйрөнү өнүктүрүү жана өлкөдөгү жеке секторду колдоо багытында кызматташууну мындан ары тереңдетүүгө өз ара кызыкдар экендиктерин билдиришти.