Кыргызстан менен Беларустун ортосунда кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча "Жол картасына" кол коюлду

Министрлер кабинети
67dbdaf83e76c (1).jpeg
67dbdb0e98227.jpeg
67dbdb0e6bdd0.jpeg
67dbdb0e060bf.jpeg
67dbdb0d5082b.jpeg
67dbdb0d1eeaf.jpeg
Алдыга
Артка
67dbdaf83e76c (1).jpeg
67dbdb0e98227.jpeg
67dbdb0e6bdd0.jpeg
67dbdb0e060bf.jpeg
67dbdb0d5082b.jpeg
67dbdb0d1eeaf.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 20.03.25. /Кабар/. Кыргызстан менен Беларустун ортосунда 2025-2027-жылдарга карата кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча иш-чаралар Планына (“Жол карта”) кол коюлду. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти.

Кыргыз-беларусь кызматташтыгын өнүктүрүүгө байланышкан документке КР министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев жана Беларустун премьер-министринин орун басары Анатолий Сивак видео-конференц байланыш аркылуу кол коюшту. 

Анда Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташтык боюнча кыргыз-беларусь биргелешкен комиссиясынын теңтөрагалары Бакыт Төрөбаев менен Анатолий Сивак, кызматташтыктын бардык багыттарын камтыган бул документтин маанилүүлүгүн белгилешип, Жол карта биринчи кезекте соода, өнөр жай кооперациясы, айыл чарба жана транспорттук-логистика тармагындагы пайдаланылбаган потенциалды ачууга мүмкүндүк берээрин билдиришти. 

Ошондой эле эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүү Жол картасын жигердүү жана натыйжалуу ишке ашыруу үчүн Кыргызстан менен Беларустун тиешелүү мамлекеттик органдарына тапшырмалар берилди.