Бишкек, 07.04.25. /Кабар/. Кыргызстандын элчиси Эрбол Султанбаев Беларустун өнөр жай министри Александр Ефимов менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Бул тууралуу элчи өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына бөлүштү.
Султанбаевдин маалыматына караганда, жолугушууда Кыргызстан менен Беларустун өнөр жай чөйрөсүндөгү кызматташуу келечеги жана биргелешкен кооперациялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн мүмкүнчүлүктөр талкууланды.
"Толук сервистик тейлөө менен жогорку локализацияланган продукциянын толук циклинин биргелешкен өндүрүшүн түзүү маселелери каралды. Бул эл аралык рынокторго өндүрүлгөн продукциянын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга мүмкүндүк берет", - деп жазды ал.