Бишкек, 02.04.25. /Кабар/. Кыргызстандын элчиси Эрбол Султанбаев Беларусь мамлекеттик университетинин ректору Андрей Корол менен жолукту. Бул тууралуу ал өзү социалдык тармактагы баракчасына жазды.
Анын маалыматына караганда, жолугушууда эки өлкөнүн жогорку окуу жайларынын ортосунда биргелешкен окуу программаларын уюштуруу, студенттерди жана окутуучуларды алмашуу, илимий изилдөөлөрдү, эл аралык конференцияларды жана башка иш-чараларды өткөрүүнүн келечеги талкууланды.
"БМУнун жетекчилиги бул маселелер боюнча, анын ичинде Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети, ошондой эле Кыргызстандын башка алдыңкы университеттери менен кызматташууну өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдирди", - деп жазды ал.