Адылбек Касымалиев Беларустун премьер-министри менен телефон аркылуу сүйлөштү

Министрлер кабинети Загрузка... 24 Март 2025 15:15
25096_1742804415_lg.jpg
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 24.03.25. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев менен Беларусь Республикасынын премьер-министри Александр Турчин телефон аркылуу сүйлөштү.

Адылбек Касымалиев Александр Турчинди Беларустун премьер-министри кызматына дайындалышы менен куттуктап, жооптуу мамлекеттик ишмердигине ийгиликтерди каалады.

Министрлер кабинетинин төрагасы эки тараптуу кызматташуунун бардык маселелери боюнча тыгыз жана жемиштүү иштөөгө даяр экендигин билдирди.

Тараптар 2025-2027-жылдарга карата Кыргызстан менен Беларустун ортосундагы кызматташууну өнүктүрүү боюнча кол коюлган Иш-чаралар планын (“Жол картасы”) тууралуу да пикир алышты.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, ошондой эле алдыдагы мезгилге пландаштырылган иш-чараларды талкуулашты.