Кыргызстан менен Беларусь кызматташуусун кеңейтүүгө олуттуу потенциал бар

Экономика Загрузка... 05 Июнь 2026 11:40
15c4e6e6-f96a-4dd4-9cc2-02252dd3d46b.jpeg

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 05.06.26. /Кабар/. Кыргызстан менен Беларустун кызматташуусун кеңейтүү үчүн олуттуу потенциалы бар. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кыргыз-беларусь бизнес форумунда билдирди.

Министрлер кабинетинин төрагасы белгилегендей, Кыргызстан логистика, айыл чарба, жеңил өнөр жай, энергетика жана туризм тармактарында мүмкүнчүлүктөргө ээ. Өз кезегинде Беларусь өнөр жай, машина куруу, айыл чарба технологиялары жана илимий- өндүрүштүк тажрыйбасы менен белгилүү.

"Биз бул мүмкүнчүлүктөрдү айкалыштырууда чоң потенциалды көрүп турабыз. Бүгүн бул жерде катышкан ишканалардын өкүлдөрү түз сүйлөшүүгө, рыноктун реалдуу муктаждыктарын талкуулоого жана өз ара пайдалуу чечимдерди табууга даяр болушу өзгөчө маанилүү. Ишканалардын ортосундагы түз байланыш ишенимдин негизи болуп саналат. Форум жөн гана расмий иш-чара эмес, ал жаңы бизнес байланыштарын түзүү жана Беларустун экономикасы үчүн пайдалуу демилгелерди баштоо үчүн аянтча болот. Бардык катышуучуларга жемиштүү иш, маңыздуу сүйлөшүүлөрдү, ийгиликтүү жолугушууларды жана практикалык натыйжаларды каалайм", - деди Адылбек Касымалиев.

Ошондой эле минкаб жетекчиси бүгүнкү иш-чара эки өлкө ортосундагы достукту, өнөктөштүктү жана экономикалык кызматташтыкты чыңдоого салым кошорун кошумчалады.