Кыргызстан менен Азербайжан бажы кызматташтыгын санариптештирет

Коом 24 ноябрь 2025 17:30
588513208_1298291922343304_8516125422933576926_n.jpg
588558408_1298291925676637_7738027376680244054_n.jpg
588568666_1298291985676631_1072705453624595903_n.jpg
589613921_1298291929009970_1315159618344695064_n.jpg
587644119_1298291989009964_8633281613839718076_n.jpg
Алдыга
Артка
588513208_1298291922343304_8516125422933576926_n.jpg
588558408_1298291925676637_7738027376680244054_n.jpg
588568666_1298291985676631_1072705453624595903_n.jpg
589613921_1298291929009970_1315159618344695064_n.jpg
587644119_1298291989009964_8633281613839718076_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Мамлекеттик бажы кызматы

Бишкек, 25.11.25. /Кабар/. 17-ноябрдан 20-ноябрга чейин Кыргызстандын Мамлекеттик бажы кызматынын делегациясы бажылык администрациялоодо заманбап санариптик чечимдерди ишке ашырууну изилдөө үчүн Азербайжанга барды.

Ведомстводон маалымдашкандай, иш сапардын жүрүшүндө кыргыз делегациясы Азербайжандын бажы органдарында электрондук бажы декларациялоо системасы, тобокелдиктерди башкаруу системасы, төлөм шлюзу, киберкоопсуздук механизмдери жана келип түшкөн декларацияларды бөлүштүрүү системасы менен таанышты.

Улуттук "Бирдиктүү терезе" системаларынын өз ара аракеттенүүсүнө өзгөчө көңүл бурулду. Эки өлкөнүн "Бирдиктүү терезе" системаларынын өкүлдөрү бажы жагынан жол-жоболоштуруу процессине санариптик куралдарды интеграциялоо боюнча практикалык кадамдарды дагы талкуулашты.

Сапардын жыйынтыгында Кыргызстан менен Азербайжандын бажы кызматтарынын ортосунда маалымат алмашуу үчүн протоколду жана техникалык мүнөздөмөлөрдү даярдоо жана кол коюу боюнча макулдашуу жетишилди. Ошондой эле тараптар эки өлкөнүн "Бирдиктүү терезе" системаларынын ортосундагы сертификаттарды электрондук түрдө алмашууну уюштуруу ниетин ырасташты.

Жумушчу сапардын жыйынтыктары эки тараптуу кызматташтыкты чыңдоодо, санариптик чечимдерди иштеп чыгууда жана бажылык администрациялоонун натыйжалуулугун жогорулатууда маанилүү кадам болот.