Кыргызстан менен Австрия темир жол адистерин даярдоодо кызматташат

Коом 731 07 Февраль 2026 14:08
626007323_1347174030789671_2289809990656435115_n.jpg
626010566_1347174974122910_8555121491054182947_n.jpg
626330078_1347173644123043_3761933103108715276_n.jpg
626341218_1347174387456302_7408726780119599495_n.jpg
627121508_1347178787455862_2402297691734595034_n.jpg
629429615_1347174247456316_8696269180708588541_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Агартуу министрлиги

Бишкек, 07.02.26. /Кабар/. Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева Австриянын делегациясы менен видеоконференция форматында сүйлөштү.

Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар темир жол тармагындагы кесиптик-техникалык кадрларды даярдоо тутумун талкуулап, практикага багытталган окутуунун жана дуалдык билим берүү тутумунун натыйжалуулугун белгилешти.

Австриялык делегация кадрларды даярдоо боюнча өз өлкөсүнүн тажрыйбасын кеңири тааныштырып, бир катар сунуштарды киргизди. Анын ичинде: машинисттерди европалык стандарттар боюнча даярдоо, коопсуздук маселелери жана тренинг-борборлорду камтыган воркшоптордун программасын түзүү, ошондой эле алдыңкы тажрыйбаны үйрөнүү үчүн таанышуу сапарларын уюштуруу сунушталды.

Министр конкреттүү сунуштар үчүн ыраазычылык билдирип, Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолун куруунун стратегиялык долбоорунун алкагында жаңы адистиктерди ачуу, стандарттарды иштеп чыгуу, практиканы киргизүү жана адистердин жаңы муунун даярдоо милдети турганын баса белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кадрларды даярдоо боюнча «жол картасын» иштеп чыгуу, тажрыйба алмашуу жана эки тараптуу кызматташтыкты андан ары чыңдоо боюнча макулдашты.