Кыргызстан менен Анголанын ТИМ башчылары телефондо сүйлөштү. Эмнелер талкууланды? — Кабар

Кыргызстан менен Анголанын ТИМ башчылары телефондо сүйлөштү. Эмнелер талкууланды?

Саясат 3 апрель 2026 16:50
Кыргызстан менен Анголанын ТИМ башчылары телефондо сүйлөштү. Эмнелер талкууланды?
copyright icon Тышкы иштер министрлиги

Бишкек, 03.04.26. /Кабар/. Бүгүн тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Анголанын тышкы иштер министри Тете Антониу менен телефон аркылуу сүйлөштү.

ТИМден билдиришкендей, тараптар эки өлкө ортосундагы кызматташтыктын учурдагы абалын жана келечегин талкуулап, 2024-жылы өлкөлөрдүн ортосунда дипломатиялык мамилелер орнотулгандан берки өз ара аракеттенүүнүн оң динамикасын белгилешти.

Ошондой эле саясий диалогду активдештирүүгө жана жогорку деңгээлдеги сапарларды уюштурууга өз ара кызыкдар экендиктерин билдиришти.

Тышкы саясий ведомстволордун ортосунда туруктуу иш байланыштарын сактоо, ошондой эле көп тараптуу аянтчалардагы кызматташууну күчөтүү боюнча макулдашууга жетишилди.