Бишкек, 21.04.26. /Кабар/. Тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакиров Албаниянын Кыргызстандагы элчиси Блерта Кадзадеждин ишеним грамоталарынын көчүрмөлөрүн кабыл алды. Бул тууралуу ведомстводон маалымдашты.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар саясий, соода-экономикалык жана маданий байланыштарды мындан ары ар тараптуу өнүктүрүүнүн зарылдыгын белгилешти.
Ошондой эле аталган багыттар боюнча кызматташтыкты активдештирүүгө даяр экендиктерин билдиришип, ага мазмундуу жана динамикалуу мүнөз берүү ниетин ырасташты.
Эки тараптуу өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүгө кошумча дем бере турган алдыдагы жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги сапарларды даярдоого өзгөчө көңүл бурулду.