Кыргызстан менен Албания тыгыз кызматташууга өттү – Сагынбек Абдумуталип

Саясат Загрузка... 18 Июнь 2026 18:30
photo_53033063_vUm9kAs.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
copyright icon WWW

Аида Тургунбек кызы

Бардык материалдар

Бишкек, 18.06.26. /Кабар/. Кыргызстан менен Албаниянын ортосундагы дипломатиялык мамилелер жаңы деңгээлге чыгууда. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сагынбек Абдумуталип Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Албаниянын президенти Байрам Бегайдын сүйлөшүүлөрүнөн кийин билдирди.

Анын айтымында, эки өлкө ортосунда 1994-жылы дипломатиялык мамилелер орнотулгандан бери, дээрлик 32 жыл бою байланыштар расмий кат алышуулар жана эл аралык уюмдардын алкагындагы өз ара аракеттенүү менен гана чектелип, расмий мүнөздө болуп келген. Ал эми бул жолку жогорку деңгээлдеги сапар эки тараптуу мамилелерди жандандырууга жаңы дем берет.

"Албания тарыхта биринчилерден болуп жасалма интеллекттин базасында санариптик министр институтун киргизген. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө кыргыз тарап да өлкөдөгү санариптештирүү темпи, өзгөчө мамлекеттик кызматтарды электрондук форматка өткөрүү боюнча жетишкендиктери тууралуу маалымат берди. Эки өлкөнүн жалпы кызыкчылыктарына географиялык рельефтин окшоштугу да таасир этет. Албания Европанын, ал эми Кыргызстан Азиянын тоолуу өлкөсү болуп саналат. Буга байланыштуу Албаниянын президенти кийинки жылдын октябрь айында Кыргызстанда өтө турган Дүйнөлүк тоо саммитине катышуу үчүн расмий түрдө өлкөбүзгө чакырылды. Биздин Албания менен көптөгөн жалпы кызыкчылыктарыбыз жана кызматташа турган багыттарыбыз бар", - деп кошумчалады Сагынбек Абдумуталип.