Бишкек, 17.04.26. /Кабар/. Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков Эл аралык валюта фондунун жана Дүйнөлүк банктын тобунун Жазгы жыйындарынын алкагында Вашингтон шаарында АКШнын Соода өкүлүнүн Түштүк жана Борбор Азия боюнча жардамчысы Брендан Линч менен жолугушту.
Министрликтен билдиришкендей, Бакыт Сыдыков Кыргызстан бул сапарды өлкөлөр ортосундагы экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү үчүн маанилүү мүмкүнчүлүк катары карай турганын белгиледи.
Ошондой эле Бишкек шаарында өткөн B5+1 бизнес-форумунун ийгиликтүү өткөрүлүшү белгиленип, ал ишкерлер ортосундагы байланыштарды чыңдоо жана өнүктүрүү үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөрдү ачканы айтылды.
Министр акыркы жылдары Кыргызстандын экономикасынын бардык негизги тармактарындагы динамикалуу өсүш тууралуу кыскача маалымат берип, ошондой эле 2030-жылга чейинки Улуттук өнүктүрүү программасынын алкагында коюлган амбициялуу максаттарга токтолду.
Атап айтканда, төмөнкү артыкчылыктуу багыттар белгиленди:
- индустриялаштыруу жана ички өндүрүштү кеңейтүү;
- аймактык соода жана логистика хабын түзүү;
- айыл чарбасын жана туризмди өнүктүрүү;
- жашыл энергетикага өтүү.
Бакыт Сыдыков бүгүнкү күндө Кыргызстанда инвестиция тартуу үчүн жагымдуу шарттар түзүлгөнүн билдирди.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар мындан аркы прагматикалык жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты тереңдетүүнүн келечегин да талкуулашты.