Бишкек, 09.10.25. /Кабар/. Кыргызстанда 2030-жылга чейинки улуттук программаны ишке ашыруунун алкагында өлкө боюнча медициналык инфраструктураны масштабдуу модернизациялоо пландалууда. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Бишкекте өткөн саламаттыкты сактоо боюнча форумда билдирди.
Анын айтымында, реформалар оорулардын алдын алуу жана дары-дармек менен камсыздоону гана эмес, ошондой эле бейтапканаларды, амбулатордук мекемелерди, экинчи жана үчүнчү деңгээлдеги ооруканаларды камтыйт.
“Биздин максат – бардык керектүү жабдуулар менен жабдылган заманбап, жогорку технологиялык медициналык мекемелерди түзүү. Аларда рентген, УДИ аппараттарынан тартып, томография жана заманбап хирургиялык жабдууларга чейин болушу керек”, - деди Байсалов.
Программанын алкагында учурда жаңы саламаттыкты сактоо мекемелеринин курулушу башталды. Республиканын бардык аймактарын камтыган медициналык инфраструктураны жаңыртуу боюнча комплекстүү план бекитүү мерчемделүүдө.
Ошондой эле Байсалов белгилегендей, кадр маселесине өзгөчө көңүл бурулуп жатат. Квалификациялуу медициналык адистердин жетишсиздиги тармактагы негизги көйгөй бойдон калууда. Жакынкы жылдарда жаңы техника жана жабдуулар менен эффективдүү иштей турган кадрларды даярдоо күчөтүлмөкчү.
“Бул чараларды жүзөгө ашыруу калк үчүн медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатууга жана жалпы Кыргызстандын саламаттыкты сактоо тармагын чыңдоого багытталган”, - деди Эдил Байсалов.