Азияда маданий мурастарды сактоодо санариптик технологиялар колдонулат

Маданият
855251707_1401899648764590_6767359392462826453_n.jpg
854650820_28796690073348190_2226457315504363232_n.jpg
854992896_950036881088108_3978908478161640516_n.jpg
854177887_885061984601832_7984554769198876248_n.jpg
854043210_2198115944082800_726420973277858875_n.jpg
854339545_1801063291015173_6742255053057700279_n.jpg
Алдыга
Артка
855251707_1401899648764590_6767359392462826453_n.jpg
854650820_28796690073348190_2226457315504363232_n.jpg
854992896_950036881088108_3978908478161640516_n.jpg
854177887_885061984601832_7984554769198876248_n.jpg
854043210_2198115944082800_726420973277858875_n.jpg
854339545_1801063291015173_6742255053057700279_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги

Бишкек, 19.10.26. /Кабар/. Кытайдын Чжэцзян провинциясынын Ханчжоу шаарында Азиядагы маданий мурастарды коргоо боюнча альянстын кеңешинин төртүнчү жыйыны өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жыйынга министрдин орун басары Аскаралы Мадаминов катышты.

Жыйын маданий мурастарды сактоо жана коргоо, бул багытта заманбап технологияларды колдонуу, ошондой эле Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерине арналды.

Иш-чарада Аскаралы Мадаминов Кыргызстан альянстын алкагындагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө өзгөчө маани берерин белгиледи. Ал уюмду тажрыйба алмашуу, кесиптик байланыштарды чыңдоо жана маданий мурастарды сактоо боюнча биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу үчүн маанилүү аянтча катары баалады.

Ошондой эле маданий мурастарды коргоо жаатындагы эл аралык кызматташтыкты чыңдоонун маанилүүлүгүнө токтолуп, реставрация, археология жана тарыхый эстеликтерди коргоо багыттарында адистерди даярдоону, тажрыйба алмашууну жана практикалык семинарларды уюштурууну сунуштады.

Мындан тышкары, маданий мурастарды сактоо иштеринде санариптик технологияларды кеңири колдонуунун маанисин белгилеп, электрондук каталогдорду, санариптик архивдерди жана тарыхый эстеликтердин үч өлчөмдүү моделдерин түзүү, ошондой эле биргелешкен илимий-изилдөө жана көргөзмө долбоорлорун ишке ашыруу зарылдыгын белгиледи.