Москва районунда 150 млн сомго жаңы маданият үйү курулат

Маданият
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Аида Тургунбек кызы

Бардык материалдар

Бишкек, 09.11.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров Москва районунда жаңы маданият үйүн курууга 150 млн сом бөлүүнү кийинки жылдын бюджетине киргизүүнү тапшырды. Бул тууралуу ал райондун тургундары менен жолугушууда билдирди.

Жолугушууда жергиликтүү тургун Мухтар Усбеков райондогу авариялык абалда турган маданият үйү быйыл бузулуп, аймагы тазаланганын айтып, анын ордуна жаңы имарат курууга көмөк көрсөтүүнү өтүндү.

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиевдин маалыматына караганда, эски имарат 2012-жылдан бери авариялык абалда турган, быйыл бузууга 3 млн сом бөлүнгөн. Ал эми жаңы маданият үйүнүн алгачкы сметалык баасы 500 млн сом деп эсептелген.

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев маданият үйүнүн долбоорун карап көрүү керек экенин белгиледи. Ал 130-150 млн сомдун тегерегинде жаңы маданият үйүн курууга мүмкүн экенин айтты.

Президент долбоорду кайра карап чыгып, Кара-Кулжа жана Алайдагыдай заманбап маданият үйүн 150 млн сомдун тегерегинде куруу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштады.

"Кийинки жылдын бюджетине 150 млн сом киргизели. Жаңы, азыркы заманбап ыкма менен сонун кылып куруу керек", - деди Садыр Жапаров.