“Жусуп” тасмасы Түркиядагы кинофестивалда “Эң мыкты сценарий” сыйлыгын алды

Маданият
“Жусуп” тасмасы Түркиядагы кинофестивалда “Эң мыкты сценарий” сыйлыгын алды

Бишкек, 09.11.26. /Кабар/. “Жусуп” тарыхый көркөм тасмасы Түркиянын Стамбул шаарында өткөн VI “Коркут Ата” түрк дүйнөсүнүн кинофестивалында “Эң мыкты сценарий” сыйлыгына татыды. Бул тууралуу Кинематография департаментинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, сыйлык 7-ноябрда кинофестивалдын жабылуу аземинде тапшырылды.

“Жусуп” тасмасы фестивалдын толук метраждуу көркөм фильмдер сынагында көрсөтүлүп, эл аралык кино коомчулугуна сунушталган.

Тасманын режиссёру, сценаристи жана продюсери — Таалайбек Кулмендеев.

Белгилей кетсек, VI “Коркут Ата” түрк дүйнөсүнүн кинофестивалы Түркияда өтүп, ага түрк дүйнөсүнүн өлкөлөрүнөн кинематографисттер катышкан.