Бишкек, 25.02.26. /Кабар/. Күн мурун тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Женева шаарында АЛИФ фондунун аткаруучу директору Валери Фрилан менен жолукту.
Ведомстводон билдиришкендей, тараптар Кыргызстан менен АЛИФ фондунун ортосунда маданий мурастарды сактоо жаатындагы кызматташтыктын учурдагы абалын жана келечегин талкуулады.
Министр кыргыз тараптын фонд менен өнөктөштүктү мындан ары кеңейтүүгө, эксперттик өз ара аракеттенүүнү чыңдоого жана маданий баалуулуктарды сактоо жаатындагы эл аралык тажрыйбаны тартууга кызыкдар экенин белгиледи. Өз кезегинде фонддун аткаруучу директору Кыргызстандагы долбоорлорду колдоону улантууга даяр экенин ырастады.
Ошондой эле маданий көп түрдүүлүктү илгерилетүү жана маданияттар аралык диалогду чыңдоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Бул багытта салттуу мурастарды жайылтууда уникалдуу аянтча болуп саналган эл аралык демилге – Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын мааниси белгиленди.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар пикир алмашуу өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө кошумча түрткү берет деген ишенимин билдиришти.