Кыргызстан – Кытай – Өзбекстан темир жолу: Туннелдерди казуу иштери башталды

Коом 991 15 Апрель 2026 14:00
WhatsApp Image 2026-04-15 at 10.40.57.jpeg
WhatsApp Image 2026-04-15 at 10.40.56.jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2026-04-15 at 10.40.57.jpeg
WhatsApp Image 2026-04-15 at 10.40.56.jpeg
Алдыга
Артка

Бишкек, 15.04.26 /Кабар/. Кыргызстан – Кытай – Өзбекстан темир жолунун курулушу уланууда.

Транспорт министрлигинен билдиришкендей, учурда Кыргызстандын аймагындагы тилкесинде туннелдерди казуу жана инфраструктураны даярдоо иштери жүрүүдө.

Белгиленгендей, долбоордо 29 туннелдин курулушу каралган, туннелдердин жалпы узундугу 104,83 чакырымды түзөт. Учурда 29 туннелдин баарында (анын ичинде узундугу 5 чакырымдан ашкан 8 тоннель) жер астындагы казуу иштери жүргүзүлүүдө.

Коридор боюнча жалпы 3 ири туннель курулушу пландалган, алардын ар биринин узундугу 12 чакырымдан ашат.

  1. Нарын №1 туннели;
  2. Кош-Добо туннели;
  3. Фергана туннели.

Белгилей кетсек, Кыргызстан – Кытай – Өзбекстан темир жолунун жалпы узундугу болжол менен 530 чакырымдан ашат, анын ичинен 304 чакырымга жакыны Кыргызстандын аймагынан өтөт.