Кыргызстан курулуштагы эл аралык кызматташтыгын өнүктүрүүдө

Коом Загрузка... 29 Октябрь 2025 21:10
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Бишкек, 28.10.25. /Кабар/. Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев баштаган делегация Ташкент шаарында өткөн Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин курулуш тармагындагы кызматташуу боюнча өкмөттөр аралык кеңешинин 46-жыйынына катышты.

Ведомстводон билдиришкендей, жыйындын алкагында бир катар эки тараптуу жолугушуулар өткөрүлүп, анда турак жай курулушу, архитектура жана заманбап технологияларды киргизүү багыттарында тажрыйба алмашуу жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.

Нурдан Орунтаев Өзбекстандын курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба министри Шерзод Хидоятов жана Тажикстан өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш комитетинин төрагасы Низом Мирзозода менен бирге курулуш тармагындагы кызматташтык боюнча “Жол карталарына” кол койду.

Мындан тышкары, курулуш министринин орун басары Бакай Турдугулов жана Беларустун архитектура жана курулуш министринин орун басары Александр Балашенко эки өлкөнүн курулуш тармагындагы кызматташуусун жандандыруу ниети жөнүндөгү меморандум папкалары менен алмашышты.

Кыргызстандын бул жыйынга катышуусу курулуш тармагындагы эл аралык кызматташтыкты бекемдөөгө, тажрыйба алмашууга жана тармактын туруктуу өнүгүшүнө багытталган долбоорлорду ишке ашыруу үчүн өбөлгө болду.