Бишкек, 01.06.26. /Кабар/. Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министринин биринчи орун басары Гүлнура Мамырова "Антиконтрафакт-2026" эл аралык форумуна катышты.
Ведомстводон билдиришкендей, форум Евразия экономика биримдигинин алкагында өнөр жай продукциясынын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы күрөшүү жана интеллектуалдык менчик объекттерине болгон укуктарды коргоо маселелерине арналган.
Форумдун негизги темасы "Контрафактсыз санариптик экономика: ишеним жана ачыктык" болду.
Форумда кыргыз тарап өлкөдө интеллектуалдык менчикти коргоо жана сактоо системасын өркүндөтүү, ченемдик-укуктук базаны өнүктүрүү жана укук колдонуу практикасын күчөтүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берди.
Эл аралык аянтчада сөз сүйлөгөн Гүлнура Мамырова интеллектуалдык менчик бүгүнкү күндө туруктуу экономикалык өсүштүн, технологиялык өнүгүүнүн жана мамлекеттердин атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуунун негизги факторлорунун бири болуп саналганын белгиледи.
"Бүгүнкү күндө интеллектуалдык менчикти коргоо туруктуу экономикалык өнүгүүнүн, инновациялык өсүштүн жана мамлекеттердин эл аралык атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүнүн ажырагыс бөлүгүнө айланууда. Кыргызстан интеллектуалдык менчикти коргоо системасын ырааттуу түрдө чыңдап, контрафакттык продукцияга жана укук ээлеринин укуктарын бузууга каршы күрөшүүдө натыйжалуу эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүнү колдойт", — деп белгиледи.
Форумдун жыйынтыгында катышуучулар мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсүн мындан ары чыңдоо жана күч-аракеттерди консолидациялоо боюнча чечим кабыл алышып, инновациялык экономиканы өнүктүрүүдө жана интеллектуалдык менчикти коргоодо жаштардын маанилүү ролун өзгөчө белгилешти.