Кыргызстанда билим берүү инфраструктурасын модернизациялоо уланууда. Жаңы мектептер курулуп, эскилери реконструкциядан өтүп, бала бакчалар ачылып, долбоорлор бир күнгө да токтогон жок. Алсак, 2026-жылы республикалык бюджеттин эсебинен социалдык объекттердин, анын ичинде Бишкек, Ош, Манас шаарларындагы жаңы мектептердин жана окуу корпустарынын курулушун, ошондой эле Сауд өнүктүрүү фондунун колдоосу менен ишке ашырылып жаткан долбоорлорду бүтүрүү пландалууда. Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен "Кабар" агенттигине билдиришкендей, 2026-жылы жалпысынан 200гө жакын социалдык объекттин курулушун аяктоо белгиленген.

Анын ичинде:
- Бишкек шаарында – 20 жаңы мектеп;
- Ош шаарында – 10 жаңы мектеп;
- Манас шаарында – 6 жаңы мектеп;
- Сауд өнүктүрүү фондунун линиясы боюнча: Бишкекте 5 жаңы мектеп жана 7 окуу корпусу, ошондой эле Чүй облусунда 2 мектеп бар.
Мындан тышкары, буга чейин курулушу башталган бардык мектептер толугу менен бүткөрүлөт.

Белгилей кетсек, мамлекет башчысы Садыр Жапаров президенттик кызматка киришкенден бери билим берүү системасын трансформациялоо боюнча масштабдуу иштер жүргүзүлүүдө. 2021-2025-жылдар аралыгында билим берүү тармагындагы 673 объекттин курулушу жана реконструкциясы аяктаган. Атап айтканда:
- 394 жаңы мектеп;
- 147 бала бакча;
- 114 мектеп жана 18 бала бакча капиталдык оңдоодон өттү.
Жылдар боюнча статистика төмөнкүдөй:
- 2021-жыл – 101 объект пайдаланууга берилген: 67 мектеп жана 21 бала бакча курулган; 11 мектеп жана 2 бала бакча оңдолгон.
- 2022-жыл – 75 объект бүткөрүлгөн: 50 мектеп жана 10 бала бакча курулган; 11 мектеп жана 4 бала бакча оңдолгон.
- 2023-жыл – 159 объект ишке кирген: 124 мектеп жана 16 бала бакча курулган; 19 мектеп оңдолгон.
- 2024-жыл – 175 объект аяктаган: 77 мектеп жана 59 бала бакча курулган; 32 мектеп жана 7 бала бакча оңдолгон.
- 2025-жыл – 163 объект пайдаланууга берилген: 76 мектеп жана 41 бала бакча курулган; 41 мектеп жана 5 бала бакча оңдолгон.

Ошондой эле мектепке чейинки билим берүүнү өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулууда. Кечээ, 17-мартта майыптыгы бар балдар үчүн "Үмүт чырагы" адистештирилген бала бакчасынын пайдубалына капсула салуу салтанаттуу аземинде министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 2030-жылга карата балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камсыздоо деңгээлин кеминде 80 пайызга жеткирүү максаты коюлганын белгиледи.
"Өлкөдө балдарды бала бакча менен камсыздоо көрсөткүчү 2024-жылдагы 28,3 пайыздан 2025-жылы 51 пайызга чейин өстү. Бүгүнкү күндө Кыргызстан боюнча 2 344 бала бакчада 320 миңден ашуун бала тарбияланып жатат", - деди министрлер кабинетинин башчысы.

Мындан тышкары, 2025-жылдын маалыматтарына ылайык, 367 мекеме кайра түзүлүп, бул 518 кошумча топторду ачууга жана 13 447 баланы окутуу менен камсыздоого мүмкүндүк берди. Буга чейин менчиктештирилип кеткен 25 бала бакчанын мамлекетке кайтарылышы ишти кыйла алдыга жылдырды.
Ошондой эле кыска мөөнөттүү болуучу 500 бала бакча жана 60 өнүктүрүү борбору ачылды. Пилоттук режимде мамлекеттик ваучердик каржылоо долбоору ишке киргизилип, анын алкагында аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына жана майыптыгы бар балдарга кошумча колдоо көрсөтүлүүдө.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда мектептердин жана бала бакчалардын курулушу жана модернизацияланышы окуу жайлардын санын көбөйтүүгө гана эмес, билим берүүнүн сапатын жогорулатууга жана ага жеткиликтүүлүктү кеңейтүүгө багытталган. Билим берүү инфраструктурасын өнүктүрүү боюнча иштер тыныгуусуз уланууда, ал эми 2026-жыл билим берүү чөйрөсүндөгү стратегиялык максаттарга жетүүдө жана балдарды мектепке чейинки мекемелер менен камсыздоодо дагы бир кадам болот.