Борбор Азиянын суу-энергетикалык кызматташтыгы талкууланды

Коом Загрузка... 22 Июнь 2026 09:55
copyright icon Энергетика министрлиги

Бишкек, 22.06.26. /Кабар/. 20-июнда Бишкекте Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандын суу-энергетика тармагына жооптуу мамлекеттик органдарынын жетекчилеринин кезектеги жыйыны өттү.

Энергетика министрлигинен билдиришкендей, жыйынга Кыргызстандын энергетика министри Алтынбек Рысбеков, Казакстандын суу ресурстары жана ирригация министри Нуржан Нуржигитов жана Өзбекстандын суу чарба министри Шавкат Хамраев катышты.

Алтынбек Рысбеков жыйынды ачып жатып, Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандын ортосундагы көп жылдык достук жана жакшы коңшулук мамилелер өз ара ишенимге, колдоого жана урматтоого негизделгенин белгиледи.

"Кыргызстан үчүн коңшу мамлекеттер менен суу-энергетика тармагындагы өз ара ишенимге негизделген кызматташтык өзгөчө мааниге ээ. Бүгүнкү жолугушуу аймактын энергетикалык туруктуулугун камсыз кылуу, системалардын ишенимдүү иштешин камсыздоо жана өнөктөштүктү мындан ары чыңдоо үчүн маанилүү аянтча болуп саналат. Биз координацияланган жана өз ара пайдалуу кызматташууну улантууга даярбыз", - деди ал.

Жыйындын жүрүшүндө тараптар 2026-2027-жылдардын вегетациялык жана күз-кыш мезгилдеринде аймактын суу-энергетикалык системаларынын туруктуу жана макулдашылган ишин камсыз кылуу маселелерин талкуулашты.

Мындан тышкары, энергетикалык объектилердин иш режимдерин координациялоого, макулдашылган графиктердин сакталышына жана үч өлкөнүн тиешелүү мекемелеринин ортосундагы өз ара аракеттенүүнү күчөтүүгө өзгөчө көңүл бурулду.

Токтогул суу сактагычындагы учурдагы абалды эске алуу менен, жолугушуунун катышуучулары анын суусунун көлөмүн зарыл деңгээлде сактоо жана толукталып турушун биргелешип камсыз кылууга кызыкдар экендиктерин билдиришти. Ошондой эле тараптар электр энергиясын өз ара жеткирүү жана алдыдагы жылытуу мезгилинен ийгиликтүү өтүү, ошондой эле вегетациялык мезгилге даярдык көрүү боюнча аракеттерди координациялоо жөнүндө макулдашышты.

"Жолугушуунун катышуучулары аймактык энергетикалык системанын туруктуулугун камсыз кылууда биргелешкен аракеттердин маанилүүлүгүн белгилешип, өз ара пайдалуу жана конструктивдүү кызматташууну мындан ары өнүктүрүүгө даяр экендиктерин билдиришти", - деп айтылат маалыматта.

Жыйын соңунда тараптар суу-энергетика тармагындагы кызматташтыкты мындан ары тереңдетүүгө жана аймактык деңгээлдеги өз ара аракеттенүүнү бекемдөөгө багытталган макулдашылган чечимдерди ишке ашырууну улантуу ниеттерин ырасташты.