Кыргызстан Кариб өлкөлөрү менен мамилесин чыңдоодо

Саясат Загрузка... 27 Февраль 2026 10:15
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon ТИМ

Бишкек, 27.02.26. /Кабар/. Тышкы иштер министринин орун басары Кайрат Турсункулов Кариб бассейни өлкөлөрүнүн лидерлери жана тышкы саясат ведомстволорунун башчылары менен бир катар жолугушууларды өткөрдү.

Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушуу 26-27-февралда КАРИКОМ мамлекеттеринин өкмөт башчыларынын конференциясынын алкагында өттү.

Турсункулов Сент-Китс жана Невис мамлекетинин премьер-министри Терренс Дрю менен болгон жолугушууда президент Садыр Жапаровдун атынан аталган өлкөнүн КАРИКОМго төрагалыкты кабыл алышы жана юбилейлик 50-жыйындын Бассетерре шаарында өткөрүлүшү менен куттуктады.

Ал Кыргызстан менен Кариб бассейни өлкөлөрүнүн ортосундагы мамилелерди мындан ары өнүктүрүүнүн мүмкүнчүлүктөрүн талкуулап, алдыдагы ири иш-чаралар — ШКУ саммити жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары тууралуу маалымат берди. Тараптар эки тараптуу форматта жана эл аралык уюмдардын алкагында кызматташууну мындан ары да өнүктүрүүгө даяр экендигин ырасташты.

Сент-Китс жана Невистин лидери КАРИКОМ мамлекеттери менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы диалогду илгерлетүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Ошондой эле К.Турсункулов Гренада жана Сент-Люсия мамлекеттеринин ТИМ башчылары менен өлкөлөр ортосундагы экономикалык, маданий-гуманитардык жана билим берүү тармактарында кызматташууну кеңейтүү жана келишимдик-укуктук базаны бекемдөө маселелерин талкуулады.