Бишкек, 24.02.26. /Кабар/. Тышкы иштер министринин орун басары Кайрат Турсункулов Сент-Винсент жана Гренадиндердин премьер-министри Годвин Эллиот Лорейн Фрайдей менен жолукту.
Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушуу КАРИКОМ (Кариб коомчулугу) өлкөлөрүнүн өкмөт башчыларынын конференциясынын 50-сессиясынын алкагында өттү.
Анда тараптар Кыргызстан менен Сент-Винсент жана Гренадиндер ортосунда ар кандай тармактардагы кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты. Ошондой эле Кыргызстан менен Кариб аймагынын өлкөлөрү ортосундагы кызматташтыкты активдештирүү маселелери каралды.
Делегаттар эки өлкөнүн БУУ жана башка эл аралык уюмдардын алкагындагы өз ара аракеттенүүсүн кеңири талкуулашты. Кыргызстандын реформалары жана эл аралык демилгелери боюнча баяндаган Турсункулов Сент-Винсент жана Гренадиндердин премьер-министрине Кыргызстандын президентинин жеке кайрылуусун жеткирди.
Өз кезегинде Годвин Фрайдей Кыргызстан менен Кариб деңизинин өлкөлөрүнүн ортосундагы мамилелердин азыркы өнүгүү динамикасын кубаттап, өлкөсүнүн өз ара пайдалуу кызматташтыкты андан ары чыңдоого даяр экенин билдирди.