Кыргызстан Иранга 129 тонна гуманитардык жардам жөнөттү

Коом 03 Апрель 2026 09:05
5024d354-fc4d-481a-a546-ac3105206ebc.jpeg
6dace29a-ae6e-4560-9eb6-b813500138e3.jpeg
7e6d7ff8-c303-4f93-8561-886392f03721.jpeg
d07eb0cc-0cc4-4faf-9d53-5860517082fe.jpeg
Алдыга
Артка
5024d354-fc4d-481a-a546-ac3105206ebc.jpeg
6dace29a-ae6e-4560-9eb6-b813500138e3.jpeg
7e6d7ff8-c303-4f93-8561-886392f03721.jpeg
d07eb0cc-0cc4-4faf-9d53-5860517082fe.jpeg
Алдыга
Артка

Бишкек, 03.04.26 /Кабар/. Кыргызстан президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Иран өлкөсүнө гуманитардык жардам жөнөтүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, бул кадам аталган өлкөдөгү жабыр тарткан жарандарга колдоо көрсөтүүгө багытталган. Жалпы салмагы 129 тоннаны түзгөн гуманитардык жүктүн 66 тоннасы азык-түлүк (ун, эт консервалары жана өсүмдүк майы), ал эми 63 тоннасы дары-дармектерден турат.

Жардам ӨКМдин жети оор жүк ташуучу унаасына жүктөлдү. Жүк Кыргызстандын Ирандагы элчиси Акылбек Кылычевдин катышуусунда тийиштүү тарапка өткөрүлүп берилет.

Даярдоо жана жөнөтүү иштери Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жана Тышкы иштер министрлиги тарабынан биргеликте ишке ашырылды.