Кыргызстан Иран менен соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтет

Экономика Загрузка... 10 Июнь 2026 11:15
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Жогорку Кеңеш

Бишкек, 10.06.26 /Кабар/. Күн мурун Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрайымы Элвира Сурабалдиева Ирандын Кыргызстандагы элчиси Голам Хоссейн Ядегари менен жолугушту.

Парламенттен билдиришкендей, жолугушууда тараптар кыргыз-иран кызматташтыгынын учурдагы абалы жана келечеги тууралуу пикир алмашып, парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүү маселелерин талкуулашты.

Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга токтолгон Элвира Сурабалдиева Кыргызстан бардык чыр-чатактарды эл аралык укуктун жана Бириккен Улуттар Уюмунун Уставынын принциптеринин негизинде тынчтык жолу менен жөнгө салууну ырааттуу колдой турганын белгиледи.

Мындан тышкары, комитет төрайымы Кыргызстан 2027-2028-жылдарга Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө шайланышында көрсөткөн колдоосу үчүн иран тарапка ыраазычылык билдирди.

Ошону менен бирге депутат кыргыз тарап Иран менен саясий, соода-экономикалык, транспорттук-логистикалык, маданий-гуманитардык жана башка багыттардагы кызматташтыкты мындан ары кеңейтүүгө кызыкдар экенин айтты.

Муну менен катар Элвира Сурабалдиева Шанхай кызматташтык уюмунун алкагындагы өз ара аракеттенүүгө өзгөчө көңүл буруп, Кыргызстан үчүн 2026-жылы ШКУга төрагалык кылуу чоң мааниге ээ экенин кошумчалады.

Өз кезегинде элчи Голам Хоссейн Ядегари кыргыз тарапка колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

Ал өз ара урматтоо жана ишеним принциптерине негизделген эки мамлекеттин ортосундагы саясий диалогдун жогорку деңгээлин белгилеп, Иран бардык өз ара кызыкчылык жараткан багыттар боюнча эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары тереңдетүүгө кызыкдар экенин ырастады.