Кыргызстан Глобалдык фонддун жаңы гранттык программасына даярдык көрүүдө

Коом 12 Март 2026 16:10
fe36f8bf-7f59-4be2-9dd2-29c088c25c04.jpg
9d4180b2-b8ea-46c3-8609-1a4fcc177920.jpg
30a05f8c-e43f-4bd0-8dd5-4559f254e7ab.jpg
94ab0619-f555-4739-a37d-88e71ef537fb.jpg
cd8aa83b-be02-4b8f-9189-9545b4783a37.jpg
ed247d3e-fe1c-4d88-9164-d428f33325d8.jpg
Алдыга
Артка
fe36f8bf-7f59-4be2-9dd2-29c088c25c04.jpg
9d4180b2-b8ea-46c3-8609-1a4fcc177920.jpg
30a05f8c-e43f-4bd0-8dd5-4559f254e7ab.jpg
94ab0619-f555-4739-a37d-88e71ef537fb.jpg
cd8aa83b-be02-4b8f-9189-9545b4783a37.jpg
ed247d3e-fe1c-4d88-9164-d428f33325d8.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Саламаттык сактоо министрлиги

Бишкек, 12.03.26. /Кабар/. Бүгүн саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов БУУнун Өнүктүрүү программасынын (БУУӨП) Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Александра Соловьёва менен жолугушту. Бул тууралуу ведомстводон маалымдашты.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар саламаттык сактоо тармагындагы кызматташтыктын жыйынтыктарын жана келечектүү багыттарын талкуулашты. Медициналык мекемелерди дары-дармек, жабдуулар менен камсыздоо жана Глобалдык фонддун жаңы гранттык циклине даярдык көрүү маселелерине басым жасалды.

Белгиленгендей, БУУӨПтүн колдоосу менен медициналык буюмдарды сатып алуу жана жеткирүү логистикасы улантылууда. Учурда саламаттык сактоо уюмдарын керектүү продукциялар менен өз убагында камсыз кылуу боюнча тиешелүү процедуралар жүрүп жатат.

Кыргызстан июнь айында ачыла турган Глобалдык фонддун жаңы гранттык терезесине арыз даярдоодо. Бул үчүн эксперттерден турган атайын жумушчу топ түзүлгөн.

Өлкөнүн киреше деңгээлинин өсүшүнө байланыштуу донордук жардамдардын көлөмү бара-бара азаяры күтүлүүдө. Бул коомдук саламаттык сактоо программаларын каржылоодо мамлекеттин үлүшүн этап-этабы менен жогорулатууну талап кылат.

БУУӨП программаларды ишке ашырууда эксперттик жана техникалык колдоо көрсөтүүнү улантарын ырастады. Тараптар кургак учук жана ВИЧ инфекциясы менен күрөшүү программаларынын туруктуулугун камсыз кылуу, ошондой эле дары-дармек менен камсыздоо тутумун чыңдоо боюнча биргелешкен аракеттерди улантууну макулдашты.