Кыргызстан Франция менен медициналык шаарча курууну талкуулады

Коом 14 ноябрь 2025 14:51
581318190_858584913235545_2374791442310712912_n.jpg
583010545_858584909902212_5910952213215682093_n.jpg
583074450_858584916568878_5581337762039064415_n.jpg
Алдыга
Артка
581318190_858584913235545_2374791442310712912_n.jpg
583010545_858584909902212_5910952213215682093_n.jpg
583074450_858584916568878_5581337762039064415_n.jpg
Алдыга
Артка

Бишкек, 14.11.25. /Кабар/. Кыргызстан Франция менен медициналык шаарча курууну талкуулады. Маселе саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев баштаган Кыргызстандын делегациясынын Францияга болгон иш сапарынын алкагында Франциянын Казына департаментинин жетекчилиги менен жолугушуусун көтөрүлдү.

Министрликтен билдиришкендей, жолугушууга Кыргызстандын Франциядагы элчилигинин өкүлдөрү жана Франциянын экономикалык мамилелер жана өнөктөштүктөр боюнча директордун орун басары Фанни Лабарт жана түз экспорттук каржылоо бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары Мартен Фоллиассон катышты.

Тараптар медициналык инфраструктураны өнүктүрүү жана бул тармакты каржылоо боюнча кызматташтыктын перспективаларын кеңири талкуулашты.

Негизги тема — Кыргызстанда жаңы медициналык шаарча куруу боюнча стратегиялык долбоор болду. Министр бул долбоорду диагностикадан жана дарылоодон тартып техникалык тейлөөгө, операциялык колдоого жана кадрларды даярдоого чейин толук циклдеги кызматтарды көрсөтө турган заманбап интеграцияланган комплекс катары тааныштырды.

Өзгөчө көңүл Франциянын медициналык объектилерди долбоорлоо, башкаруу жана пайдалануу боюнча тажрыйбасын колдонууга, ошондой эле техникалык кызматташтыктын мүмкүн болгон форматтарына бурулду.

Тараптар ар кандай каржылоо механизмдерин карап, сунуштарды эксперттик деңгээлде мындан ары да деталдаштырууну макулдашты.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар саламаттык сактоо системасын модернизациялоо приоритеттерине жооп берген оптималдуу өз ара аракеттенүү форматтарын иштеп чыгуу үчүн диалогду жана маалымат алмашууну улантууга кызыкдар экенин тастыкташты.