Кыргызстан европалык банктар менен кызматташтыкты арттырат

Экономика 556 18 Июнь 2026 17:55
552374331_1346780517456579_7365330708617564398.width-800.jpg
WhatsApp Image 2026-06-18 at 14.26.22.jpeg
Алдыга
Артка
552374331_1346780517456579_7365330708617564398.width-800.jpg
WhatsApp Image 2026-06-18 at 14.26.22.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon WWW

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 18.06.26. /Кабар/. Кыргызстан Европа мамлекеттери менен дипломатиялык алакаларын кеңейтүүдө. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сагынбек Абдумуталип Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Албаниянын президенти Байрам Бегайдын сүйлөшүүлөрүнөн кийин маалымдады.

Анын айтымында, кызматташтыкты арттыруунун алкагында европалык банктар менен алакалар түзүлүүдө. Бул эки тарапка тең пайдалуу.

“Европалык жана кыргыз банктарынын ортосунда корреспонденттик эсептердин орнотулушу актуалдуу маселе деп эсептелинет. Бул аларга да, бизге да пайдалуу. Муну бизнес да каалайт. Анткени ишкерлер банктык которуулар тоскоолдуксуз жана кечиктирилбестен жүргүзүлүшү керек деп эсептешет”, - деди ал.