Кыргызстан Европага соода жана инвестиция мүмкүнчүлүктөрүн сунуштады

Экономика 30 сентябрь 2026 16:00
830116588_1515485450597808_5132449565501217730_n.jpg
825330000_1515485447264475_1954167888419570222_n.jpg
830444963_1515485443931142_6197746411423539075_n.jpg
825329962_1515485440597809_3794111850132237924_n.jpg
825329995_1515485430597810_6324098968013075391_n.jpg
825330034_1515485433931143_3568000152083122340_n.jpg
828451356_1515485437264476_3846178384937174285_n.jpg
830068249_1515485457264474_3994205943499139305_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Соода-өнөр жай палатасы

Бишкек, 30.09.26. /Кабар/. Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев Валенсияда өткөн Eurochambres бизнес-форумунда европалык ишкерлерге Кыргызстандын соода жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн тааныштырды.

Мекемеден билдиришкендей, ал Кыргызстандын тарыхый Улуу Жибек жолундагы орду бүгүнкү соода-экономикалык байланыштарды өнүктүрүүгө шарт түзөрүн белгиледи.

Сариев Кыргызстандын экономикалык өсүшүн, салыктык жеңилдиктерин жана логистикалык мүмкүнчүлүктөрүн айтып, Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолу ишке кирсе, Европага жүк жеткирүү мөөнөтү 12-14 күнгө чейин кыскарышы мүмкүн экенин билдирди.

Ошондой эле Бишкек менен Европанын борборлорунун ортосунда түз авиакаттамдарды ачуу маселеси каралып жатканы айтылды.

Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасы европалык инвесторлорго өнөктөш тандоодон тартып, B2B жолугушууларды уюштурууга жана долбоорлорду ишке ашырууга чейин колдоо көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.